Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:44

Москва: Сирияда аскердик эксперттерибиз бар


Орус Тышкы иштер министрлиги орусиялык эксперттер Сирияда жүргөнүн бышыктады. Министрликтин маалымат катчысы Мария Захарова 9-сентябрда билдиргендей, адистер Орусиядан барган аскердик техниканы өздөштүрүүгө жардам беришүүдө. Москва курал-жарак террорчуларга каршы күрөшкө жардам иретинде жиберилип жатканын ырастоодо.

Тышкы мекеменин өкүлү ошондой эле АКШнын Греция менен Болгариядан өз аба мейкиндиктерин Сирияга бараткан орусиялык учактар үчүн жабуу өтүнүчүн сындады. Мунун алдында Вашингтон Орусия Сирияга аскер бөлүгүн жана учактарын жайгаштырууда деген маалыматтарга тынчсыздануусун билдирген. Президент Башар Асадды колдогон Москва көптөн бери Дамаскты курал-жарак менен камсыз кылып келет.

XS
SM
MD
LG