Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Елизавета II - Британия тагында эң узак отурган каныша


Каныша Елизавета Экинчи Улуу Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган өкүмдар болуп калмакчы. Буга чейинки рекорд анын чоң-чоң энелери, тактыда 63 жыл 7 ай отурган каныша Викторияга таандык.

Премьер-министр Дэвид Кэмерон миллиондогон британиялык бул «тарыхый учурду» майрамдашарын билдирди. Өкмөт башчынын айтуусунда, акыркы 62 жылда каныша «улам өзгөрүп жаткан дүйнөдө стабилдүүлүктүн аскасына айланды, анын элге кызмат өтөө жана жоопкерчилик сезими Улуу Британияны гана эмес бүтүндөй дүйнөнү сутандырат».

Елизавета Экинчи мааракени ушу тапта эс алып жүргөн Шотландияда белгилемекчи. 89 жаштагы монарх атасы Георг Алтынчы өлгөндөн кийин 1952-жылы тактыга отурган. Бирок таажы кийгизүү салтанаты кийинки жылы өткөрүлгөн. Ошондон бери Британияда 12 өкмөт башчы алмашты. Каныша АКШнын 10 президенти жана 6 Рим папасы менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG