Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

Самаковго тиешеси бар деген жер тилкесинин тургундары өкмөткө кайрылды


Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүндөгү Биримдик-Кут конушунун тургундары алар жашаган тилкеге карата киргизилген чектөөлөрдү алып салууну өкмөттөн суранууда. Бүгүн алар Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, чектөөдөн улам жабыркап, коммуникациялардан кур калып, балдары мектепке кабыл алынбай, добуш берүү укугунан ажырап жатканын айтышты.

2008-жылы өкмөт 262 гектар айыл чарба жерин турак жай тилкесине айландырып, там салууга уруксат берген. Трансформациядан кийин ал жер 1,5 миңге жакын кишиге сатылып, жеке турак жайлар курулган. 2014-жылы Башкы прокуратура жерди камакка алып, буга байланыштуу депутат Карганбек Самаковго жер мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен быйыл 14-майда коррупция боюнча кылмыш иш козголгон. 17-майда сот аны тергөө бүткөнчө үй камагына чыгарган. Самаков айыптоону четке кагып келет.

3-сентябрда өкмөт 2008-жылдагы токтомун жокко чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG