Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Apple смартфондун эки жаңы үлгүсүн сунуштады


iPhone 6S жана iPhone 6S Plus жаңы үлгүлөрдүн дизайны мурдагыдай эле, бирок корпорация башчысы Тим Куктун маалымдашынча, ичинде бардыгы өзгөртүлгөн. Жаңы смартфондун девайсы 3D Touch технологиясы менен жаңыланган. Сунушталып жаткан жаңы iPhone смартфондору акырын, катуурак басуу аркылуу гана айырмаланышат. Мурдагы үлгүнүн камерасындагы 8 мега Пикселдин ордуна 12 мега Пиксел орнотулган.

Жаңы үлгүдөгү iPhone 25-сентябрдан тарта сатыкка чыгарылат. АКШдагы сатык баасы 6S - 199 доллардан 399 долларга чейин, ал эми 6S Plus - 299 доллардан 499 долларга чейин.

iOS 9 операциялык системасын эски, жаңы смартфондорго 16-сентябрдан тарта жүктөп алууга болот.

Мурдараак Apple жаңы планшет менен кийинки муундагы Apple TV нын үлгүлөрүн сунуштаган.

XS
SM
MD
LG