Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Кыргызстан-Кытай чек арачылары эл аралык террорчулукка каршы чогуу күрөшөт


Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымдашынча, эки тараптуу жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өттү. Анда Чек ара кызматынын Ысык-Көл, Нарын аймактары боюнча өкүлдөрү жана Шиңжаң Уйгур автоном районунун чек ара отрядынын өкүлдөрү катышты. Тегерек үстөлдө негизги көңүл эл аралык террорчулукка каршы туруу аракетине бурулду. Тараптар өз убагында маалымат алмашуу жана дайыма байланышта болуу жөнүндө келишимге келишти. Кыргызстан менен Кытай чек арачыларынын жумушчу жолугушуусунун протоколуна кол коюлду.

Өткөн жылы Ысык-Көлдөгү Ак-Шыйрак аймагына кыргыз-кытай чек арасынан белгисиз куралчандар мыйзамсыз кирип, мергенчилик чарбасынын башчысын мууздап кетишкен. Кол салууга шектелген кылмыш тобунун мүчөлөрү экстремисттик күчтөргө таандык кытайлык уйгур жарандары экени аныкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG