Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Жогорку Кеңештеги намазкана боюнча сот октябрда уланат


Парламент имаратында намаз окуп жаткандар. 2014-жыл.
Парламент имаратында намаз окуп жаткандар. 2014-жыл.

Бишкек райондор аралык соту "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын Жогорку Кеңешке каршы берген доо арызын 20-октябрда карайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди.

Аталган уюм парламенттен Ак үйдө ачылган намазкананын каржы булагын көрсөтүүнү талап кылууда. Буга чейин парламент намазкана бюджеттик эмес булактардын эсебинен ачылганын айтылган.

Парламенттеги намазкана 2011-жылы ачылган. Былтыр парламенттин 26 депутаты, аппарат кызматкерлери жана иш башкармалыгы ал намазкана тардык кылып жатканын айтып, экинчи намазкана ачууга уруксат берүүнү өтүнүп, расмий кат менен төрагага кайрылган. (SE\JM)

XS
SM
MD
LG