Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

Бишкекте Аспековду бошотуу талабы менен пикет өтүп жатат


Аспековдун тарапташтары 9-сентябрда да пикет уюштурган.
Аспековдун тарапташтары 9-сентябрда да пикет уюштурган.

Ак үй алдында "Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспековду бошотуу талабы менен пикет өтүп жатат. Ага "Мекен ынтымагы", "Мекенчил" партиясынын мүчөлөрү жана Мелис Аспековдун тарапташтары болуп 70дей киши катышууда.

"Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы Төрөхан Жунусбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, алар Аспековду бошотууну суранып, президенттин администрациясына жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнөтүштү. Анда Аспеков парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкер катары ат салышып жаткандыктан аны бошотуу, сот отурумун улам жылдыра берүүнү токтотуу талап кылынган. Буга чейин сот эки жолу жылган.

Мелис Аспеков 20-августта камакка алынган. Милиция аны такси айдоочусунун арызынын негизинде кармаган. Ал айдоочуга жол кире бербей, тапанча такаган деп айыпталган.

Аспеков “Мекен ынтымагы” партиясынын тизмесинде 4-октябрда өтчү шайлоого талапкер катары катталган. (SE\JM)

XS
SM
MD
LG