Кара-Көл шаарындагы №718 аскер бөлүктө кызмат өтөп жүрүп каза болгон 19 жаштагы Бегалы Шамшидиновдун жакындары президент баш болгон бийлик төбөлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Алар аскердин өлүмүнө жооптуулар жазага тартылышын талап кылууда.
Маркумдун туугандары ал уулу ур-токмоктун айынан мерт кеткенин айтат. Ал эми аскер бөлүктүн жетекчилиги жоокер жүрөгү кармап жан бергенин билдирүүдө. Облустук аскер прокуратурасы окуяны иликтеп жатат.
Сузак районунун Благовещенка айылынын тургуну, 19 жаштагы Бегалы Шамшидинов быйыл апрель айында армияга чакырылган. 3-сентябрда кызмат өтөп жаткан жерде каза болгон. (RsK)