Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Сырткы соода көлөмү 15% азайды


Кыргызстанда жарым жыл ичинде сырткы соода көлөмү 15% азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин кызматкери Чинара Турдубаева бүгүн Бишкекте маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери жалпы экспорттун азайышы алтындан башка кен байлыктарына, химиялык эмес азыктарга, жер-жемиш жана кийим-кечелерге байланыштуу. Буга карабай алтынды сыртка сатуунун көлөмү 2014-жылдын биринчи жарымына салыштырганда 49,2% өскөн.

Ички дүң продукция 8 ай ичинде 250 миллиард сомдон ашты, бул былтыркыга караганда 6,8% көп. (SE)

XS
SM
MD
LG