Кыргызстанда жаштар арасында никенин расмий каттоого алынышына караганда молдонун нике кыюусу маанилүү болуп баратат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" өкүлү Диана Макенбаева билдирди. Анын айтымында, уюм июль айында жер-жерлерден телефон аркылуу сурамжылоо жүргүздү.
Сурамжылоого катышкан 18-34 жаштагылардын 36% мечит аркылуу нике кыйдырууну маанилүүрөөк деп эсептесе, 55 жаштагы респонденттердин арасынан мындай пикирин 18% гана билдирген. Жубайлардын никеси расмий каттоого алынышы керек дегендердин басымдуу көпчүлүгүн аялдар түзөт. (RK)