Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

“Тазалык” ишканасына 11 факт боюнча кылмыш иши козголду


Бишкектеги "Тазалык" ишканасына коомчулук арасында нааразылык күч
Бишкектеги "Тазалык" ишканасына коомчулук арасында нааразылык күч

Бишкек мэриясынын демилгеси менен “Тазалык” ишканасына бир катар кылмыш иштери ачылды. Шаар бийлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, ишканага каршы 2014-2015-жылдар аралыгындагы мыйзам бузуулар боюнча тергөө жүрүп жатат. Арасында кызмат абалынан кыянат пайдалануу, жасалма каржылык документтерди жасоо, тендер өткөрүү эрежесин бузуу, мыйзамсыз түрдө маяна төлөө сыяктуу 11 факты бар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, “Тазалык” ишканасы мамлекетке 38 миллион сомдук зыян келтирген.

Мэрия “Тазалыкты” текшерүү сунушун Ички иштер башкармалыгына, прокуратурага жана УКМКга берген. Иликтөө уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG