Кыргызстанда мамлекетке, коомго жана жеке адамдарга карата терроризм, экстремизм коркунучу күчөп баратат. Бул тууралуу бүгүн Коргоо кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Рустам Мамасадыков билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат учурда ишмердүүлүгүн Жакынкы Чыгышта түзүлүп жаткан кырдаал жана Борбор Азия менен Ооганстанда террорчул уюмдардын активдешүүсүн эске алуу менен жүргүзүп жатат.
Жыйынга төрагалык кылган мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев тиешелүү мекемелерден бул багытта биргелешип иш алып барууну, жарандардын азгырылып, согуш болуп жаткан аймактарга кетүүсүн алдын алууну талап кылды. Жыйынтыгында жаралып жаткан коркунучтарга каршы ишти уюштуруу максатында тиешелүү укуктук ченем актыларына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынды. Өкмөткө бул үчүн керектүү каражат бөлүп берүү тапшырылды. (RK)