Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Беларус: президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышат


Александр Лукашенкодон 11-октябрда тизгин талашчу талапкерлер (солдон оңго):Татьяна Караткевич, Сергей Гайдукович, Николай Улахович.
Александр Лукашенкодон 11-октябрда тизгин талашчу талапкерлер (солдон оңго):Татьяна Караткевич, Сергей Гайдукович, Николай Улахович.

Беларус БШКсы 11-октябрдагы президенттик шайлоодо күч сынашчу төртүнчү талапкерди каттады. Ал оппозициячыл “Чындыкты сүйлө” кыймылынын мүчөсү Татьяна Караткевич. Буга чейин Либерлдык-демократтык партиянын төрагасы Сергей Гайдукевич, Беларус партиоттук партиясынын лидери Николай Улахович жана азыркы президент Александр Лукашенко катталган. БШКнын билдиришинче, Виктор Терешанко жана Жанна Романовская 100 миң кол топбогондуктан, катталган эмес.

Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарат. 2010-жылкы президенттик шайлоодон соң болгон нааразылык акциясын полиция күч менен таркаткан. Тополоңго байланыштуу бир нече активист жана президенттикке талапкерлер камакка алынган.

XS
SM
MD
LG