2015-жыл үчүн Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн тизмесинде оппозициячыл орус саясатчысы Борис Немцов жана украин парламентинин мүчөсү, азыр Орусияда абакта отурган аскер учкучу Надежда Савченко да бар.
Сахаров сыйлыгы 1988-жылы Европарламент тарабынан уюштурулган. 50 000 евро акчалай сыйлык өмүрүн адам укугун жана сөз эркиндигин коргоого арнаган адамдарга берилет. Президент Путиндин тайманбасы сынчысы, Орусиянын мурдагы вице-премьери Немцов быйыл февралда Москвада атып өлтүрүлгөн.
Савченконун айтымында, аны 2014-жылы москвачыл жикчилдер Чыгыш Украинада кармап алып, Орусияга өткөрүп берген жана ал орусиялык журналистти өлтүргөн деп айыпталууда. Сахаров сыйлыгына көрсөтүлгөндөрдүн арасында Эдвард Сноуден да бар. Жеңүүчү октбярда аныкталат.