Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Обама АКШга Сириядан 10 миң качкынды кабыл алмай болду


Ак үйдүн бейшембидеги маалыматы боюнча, АКШ келерки жылы 10 миң сириялык качкынды кабыл алууну чечти. Төрт жылдан берки согуш убагында 1500 сириялык жаран АКШдан башпаанек сурап кайрылган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнесттин маалыматына караганда, АКШ качкындарга каржылык жактан жардам берүүдө. Анын айтуусунда, АКШнын гуманитардык уюмдар аркылуу берген жардамы 4 млн. долларды түздү.

Барак Обаманын Сириядан 10 миң качкынды кабыл алуу чечими азыркы качкындар кризисинде алардын маселесин чечүүдө Американын салымын көбөйтөт.

АКШда жаңы бюджеттик жыл 1-октябрдан тарта башталат.

XS
SM
MD
LG