Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Шайлоодо 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт деле жарайт

БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун айтуусунда, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт ээлери 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере алышат.

Буга чейин эски паспортторду жаңы паспортко алмаштыруу сунушталган, көк паспорт ээлери жаңысын акысыз алышкан.

Маалыматтарга караганда, жалгыз бой пенсионерлер, үй-бүлөлүк маселесинен улам паспортун алмаштыра албагандар деле арбын. Социалдык фонд алардын паспортуна чапталган идентификациялык номерлерин бекитип берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG