Мындай маалыматты 10-сентябрда Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев журналисттерге жарыя кылды.
Анын айтуусунда, былтыркы кышта Ош жана Бишкек ЖЭБнин "Газпромго" карызы 405 млн. сомго чыккан. Анын 185 млн. сому июль айында, 70 млн. сому сентябрда төгүлдү. Эми 1-октябрга чейин калган карыздар кайтарылат.
Турдубаевдин ырасташынча, министрлик “Газпром” менен кышында "көгүлтүр оттун" баасын арзандатуу боюнча келишимге жетишти. Мындай чечимге “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен сүйлөшүүнүн натыйжасында келишкен.
“Газпромго” бир катар мамлекеттик жана жеке ишканалар да карыз. Алардын ичинде “Электр станциялары”, Токмоктогу “Интергласс” айнек заводу жана Майлы-Суудагы лампа заводу бар. Жалпысынан Кыргызстандын жаратылыш газы үчүн “Газпромго” карызы 866 млн. сом болчу.
“Кыргызгазды” “Газпромго” карызы менен кошо 1 долларга сатуу келишимине 2013-жылы кол коюлуп, 2014-жылы күчүнө кирген. "Кыргызгазды" 40 млн. долларлык карызы менен алган "Газпром" 100 миллиард рублдан ашуун инвестиция салууну убада кылган. (ZKo)