Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Ысык-Көлдө милициядан жабыркагандардын арызы боюнча кылмыш иш козголду


Ысык-Көл райондук прокуратурасы милициянын кыйноосуна кабылдык деген эки тургундун арызынын негизинде кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жарандык кийимчен 7 милиционер алардын үйүнө бастырып кирип барып сабаган. Андан соң райондук милиция бөлүмүнө алып барып, кай бир кылмыш ишти моюнга алдырууга мажмурлап, түшүнүк кат жаздырышкан.

Соттук-медициналык экспертиза эки жаран кыйноого кабылганын тастыктады.

Буга чейин шектүүгө кыйноо колдонгону үчүн Бишкекте бир милиционер алты жылга, Жалал-Абадда бир күч кызматкери 11 жылга кесилген. (SE)

XS
SM
MD
LG