Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстанда 13-15-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, маал-маалы менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым аймактарда жаан катуу жаайт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа каттамын, энергетика жана коммуналдын кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

12-сентябрга аба ырайы:

12-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,

Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 18...23° болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 16…18, күндүз 29…31° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG