Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

БУУ Палестинага желегин илүүгө уруксат берди


Палестинанын Улуттар уюмунда өз желегин көтөрүү өтүнүчүн Башкы ассамблея канааттандырды. Бул чечим Израилдин кыжырын келтирсе, Палестина БУУга мүчөлүктү карай кадам катары сыпаттоодо.

Палестин тарап даярдаган резолюция долбоорун уюмга мүчө 193 өлкөнүн 119су колдоду. АКШ менен Израилди кошкондо сегиз мамлекет каршы чыкты.

Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн көбү калыс калган 45 мамлекеттин арасында болду. Бирок, Франция жана Европанын беш-алты мамлекети Палестинанын өтүнүчүн колдоду.

Палестин премьер-министри Рами Хамдаланын айтымында, БУУга желек илүүгө уруксат берилиши алардын толук кандуу мүчөлүгүн таанууну көздөй кадам.

Бирок, АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр добуш берүүнүн жыйынтыгы Израиль менен чатакташып жаткан палестиндердин абалын көп деле өзгөртө албасын белгиледи.

АКШ дипломатынын пикиринде, Улуттар уюмунун баш кеңсесинин сыртында палестин желегинин илиниши сүйлөшүүлөргө альтернатива эмес жана тараптарды тынчтыкка алып барбайт.

Улуттар уюму Палестинага “мүчө эмес байкоочу өлкө” маккамын 2012-жылы берген. Ал эми толук кандуу мүчө болушу үчүн Коопсуздук кеңешинин резолюциясы зарыл.(UE)

XS
SM
MD
LG