Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Сузакта ЕАЭБ лаборатория курулушуна бөлүнчү каражат аныктала элек


Сузакта ЕАЭБ талабына ылайык фитосанитардык лаборатория курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакыт Анаркулов “Азаттыкка” билдирди. Учурда имаратты курууга Ош-Бишкек жолунун боюнан жер тилкеси ажыратылып, документтештирүү иштери соңуна чыгып калды.

Айыл чарба министрлиги каражат бөлсө курулуш башталып, кийинки жылдан тарта аймакта өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылмак. Бирок курулушка канча акча бөлүнөрү азырынча белгисиз.

Облус аймагында быйыл 10 миң гектардан ашык жерге жашылча, 5 миң гектарга жер-жемиш эгилген. Жалпысынан 6 млрд. сомдук азык-түлүк өндүрүлдү.

Евразия экономикалык биримдигине кирердин алдында Кыргызстанда 90го жакын ар тармактагы лаборатория аккредитациядан өткөн. Алардын айрымдары 2016-жылдын февраль-март айларында курулуп, алар толугу менен ЕАЭБ талаптарына ылайыкташы керек. (RsK)

XS
SM
MD
LG