Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Кытай Кыргызстандын ирригациялык системасын жакшыртып берүүдө


Бүгүн Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү менен өлкөнүн ирригациялык системаларын жакшыртуу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин баштоо тууралуу документке кол коюлду. Долбоордо каралган каражат 5,9 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүүгө жана 19 миң гектар сугат жерди суу менен камсыздоону жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Мекеменин маалыматына караганда, ирригацияны өнүктүрүүнүн жана сугат жерлердин аянтын көбөйтүүнүн өтө маанилүүлүгүн эске алуу менен өкмөт жыл сайын 10 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүү маселесин койгон. Бирок республикалык бюджеттен ирригациялык курулуштарды каржылоо 15-20 пайыз гана болууда. Ошондуктан Кытай тараптан 32 миллион доллар бөлүп берүү чечими кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG