Назарбаев Казакстанга мына ушундай бейрасмий ат берүүнү Астанада казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган атайын жыйында сунуш кылды. Назарбаевдин айтуусунда, Казакстанды “Улуу талаалардын өлкөсү” деп атоо анын көп улуттуу калкынын мүнөзүн чагылдырат.
Мааракелик иш чараларга тушташ Астанада түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити да өтүп жатат. Ага катышуу үчүн казак борборуна президент Алмазбек Атамбаев дагы барды.
Назарбаев казак хандыгынын 550 жылдыгы белгиленерин орус президенти Путиндин “казактарда мамлекеттүүлүк эч качан болгон эмес деген” сөзүнөн кийин жарыялаган.
Путиндин былтыр августта, Орусия Крымды аннексиялагандан кийин айтылган бул сөзү казак коомчулугунда чочулоо менен кабыл алынган. (UE)