Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Биометрика боюнча сот жараяны электрдин айынан үзгүлтүккө учурады


Бүгүн Жогорку Соттун Конституциялык палатасында биометрика боюнча сот жараяны электр жарыгынын жоктугунан улам үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Азаттыкка" кабарлаган укук коргоочу Токтайым Үмөталиева добуш берүү күнү да электр өчүп калса, түрдүү жагдайлар жаралбайт деген кепилдик жок экенин айтты. Себеби шайлоо бюллетендери биометрикалык техниканын текшерүүсүнөн кийин берилет.

Үмөталиева жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз экенин айтып, укук коргоочу Нурбек Токтакунов менен бирге сотко быйыл май айында кайрылган. Бирок сот жараянына негизги баяндамачы катары катышкан судья Клара Сооронкулованын билдирүүсүнөн кийин бул иш каралбай калган.

Сооронкулова жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн иштен алынган.

9-сентябрда Токтакунов төрагалык кылуучу судья, Конституциялык палатанын башчысы Мукамбет Касымалиевдин бейтараптуулугу күмөн жараткандыктан ага ишеним көрсөтпөө, ал эми Үмөталиева каралып жаткан маселе боюнча Венеция комиссиясынын пикирин билүү өтүнүчтөрүн келтиришти. Бирок судья эки талапты тең канааттандыруудан баш тартты.

Кыргызстан бийлиги шайлоочулардын добуш берүүсүн биометрика аркылуу уюштуруу быйыл 4-октябрда жана 2017-жылы өтө турган шайлоо өнөктүктөрүнүн ачыктыгын камсыз кылуучу негизги механизм экенин айтып келет. Бирок бул жаатта учурда көптөгөн техникалык, уюштуруучулук проблемалар чыгууда. (RK)

XS
SM
MD
LG