Бүгүн, 11-сентябрда кино тармагындагы эң абройлуу сынактардын катарына кирген Венеция эл аралык кинофестивалында кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” аттуу тасмасы көрсөтүлдү.
Фильмде тоолуу аймакта жашаган селки - Сейденин жашоосу жана анын жылкыга болгон мээрими тууралуу баяндалат.
Венеция эл аралык кинофестивалынын 72-айлампасы 2-сентябрда башталган. Ага катышууга 1453 кыска метраждуу тасмалар ат салышып, алардын арасынан 14 чыгарма тандалып алынган. Фестиваль 12-сентябрга чейин уланат.
1932-жылдан бери уюштурулуп келаткан Венеция эл аралык кинофестивалы дайыма Лидо деген аралда өтөт. (SE)