Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Бишкек мэриясы таштанды чыгарууга жеке ишканаларды тартууну караштырууда


Бишкек мэриясы шаардагы таштандыны чыгарууга жеке компанияларды тартууну караштырып жатат. Бул тууралуу бүгүн мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тазалык" ишканасын реформалоо жолдору каралып жатат. Ошону менен катар, мэриянын белгилешинче, таштанды көйгөйүнүн курчушуна техниканын, контейнерлердин жетишсиздиги, абоненттик төлөм жакшы чогулбай жатканы, тургундардын маданиятынын төмөндүгү да себеп болууда.

Соңку бир айдан ашык убакыт шаарда таштанды маселеси оорлошуп кеткен. Айрыкча Октябрь районунда акыр-чикир салынган контейнерлер жумалап төгүлбөй, тургундардын нааразылыгы күчөгөн. Мындан улам 1-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев түзүлөн кырдаал жөнгө салынбаса мэр Кубанычбек Кулматов иштен алынарын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG