Маалымат технологияларын колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун баяндамасында Кыргызстан өткөн жылдарга салыштырмалуу бир кыйла жакшы көрсөткүчкө жеткени айтылат.
143 мамлекет боюнча жүргүзүлгөн изилдөө жыйынтыгында Кыргызстан 98-орунду ээледи. Казакстан 43-орунга түшүп, былтыркы позициясынан эки тепкич ылдыйлаган. Азербайжан 57-орунду алганы менен, бир жыл мурункуга салыштырмалуу 8 тепкич артка кеткен. Тажикстан 117-орунду ээлеген.
Алдыңкы үч орунда - Сингапур, Финляндия жана Швеция.
Маалыматтык технологиялар боюнча баяндаманы Бүткүл дүйнөлүк экономика форму INSEAD бизнес мектеби менен биргелешип 2002-жылдан бери даярдайт. Бул изилдөө мамлекеттердин өнүгүү багытын баалоодо пайдаланылат. (SE)