Жапонияда суу ташкындын айынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн кыргыз Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 10-сентябрда Жапониянын түндүк-чыгышында табият кырсыгынан улам 100 миңден ашуун адам там-жайын таштап качты.
Ага чейин эки күндөн бери нөшөрлөп төккөн жамгырдын кесепетинен Кинугава дарыясы нугунан чыгып, Токионун түндүгүндөгү Жосо шаарын көздөй агылган.
Учурда 22 адамдын дайыны табылбай жатат. (RK)