Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Кара-Кулжа: "Республика Ата-Журттун" айыл өкмөттүн тушуна илген баннери жок


"Республика Ата-Журт" партиясынын Оштун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылына илген баннерлеринин бири жок болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын шайлоо штабынын район боюнча жооптуу катчысы Жоомарт Акматов билдирди. Анын айтымында, үгүт баннери айыл өкмөттүн тушундагы жеке менчик үйлөрдүн бирине тагылган. Ага чейин жергиликтүү бийлик баннерди алып салуу талабын айткан, бирок партия өкүлдөрү мындай талап мыйзамсыз экенин айтып, аны чечүүдөн баш тартышкан.

- Албай койгонбуз. Бирок түнүчүндө аны кимдир бирөөлөр чечип алып кетишиптир, - дейт Акматов.

Партия өкүлдөрү бул окуя боюнча жергиликтүү милицияга арызданды. (RK)

XS
SM
MD
LG