Нью-Йоркто бүгүн 2001-жылдын 11- сентябрындагы террордук чабуул жасалган жерде ошол күнү курман болгон 3000дей кишинин ысымдары окулду.
Дүйнөлүк соода борбордун мурдагы орду азыр мемориалдык аянтка жана музейге айлантылган
“Ал-каиданын” террорчулары карактаган төрт жүргүнчү учактын экөөсү 2001-жылдын 11-сентябрында Дүйнөлүк соода борбордун эгиз имаратын сүзгөн.
Үчүнчү учак Вашингтондо, Пентагондун имаратына кулаган. Төртүнчүсү жүргүнчүлөрдүн террочуларга каршылык көргөзүүсүнүн натыйжасында Пенсильвания штатынын аймагында кыйраган эле.
АКШнын коргоо министри Эштон Картер бүгүн Пентагондогу эскерүү жыйынында сүйлөп жатып:
-Бизди коркутууга үмүттөнгөн террорчулар мындан эч канааттануу албайт дагы, эч качан ийгиликке жетпейт. Бул биз жооп берерибизге эле эмес, жоготкондорубуздун жаркын элесин сактап жашоо, бизди мурдагыдан да күчтүү кылганында. Он төрт жылдан кийин да бизди коркуткан террорчулар бир жөнөкөй, бирок майтарылбас чындыкты биле алат. Бул канча убакытты аларына, кайсыл жерде жашырынышканына карабай алар соот жоопкерчилигинен кача алышпайт.
11-сентябрдын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары Вашингтон менен Нью-Йорктон башка жерлерде да өтүүдө. (UE)