Бул тууралуу Саудиянын жарандык коргонуу мекемеси билдирди.
Меккедеги Ал-Харам мечитинде 11-сентябрда кран кулаганда кеминде 87 адамдын өмүрү кыйылып, дагы 180ден ашуун киши жаракат алган. Кырсык ажылык зыяраттын жөрөлгөлөрү башталар алдында болду.
Бул чоң мечит бир учурда 2,2 миллионго чейинки сандагы адамды сыйдыра алыш үчүн сауд бийликтери анын аянтын 400 000 чарчы метрге жеткирүү боюнча ири курулуш долбоорун ишке ашырып жатат.
Мындан улам крандар мечитти айланта орнотулган.
Курулуш иштерине байланыштуу Ал-Харам мечити былтыр зыяратчыларды адаттагыдан аз кабыл алган болчу.
Меке провинциясынын губернатору, ханзаада Халид ал-Файсал кырсыктын себептерин иликтөөнү буюруду. (UE)