Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:07

Бишкекте майыптар жөө жүрүшкө чыгат


Бүгүн Бишкекте майып кишилер “Тоскоолдуксуз, көз карандысыз жашоо” деп аталган жөө жүрүшкө чыгышат. Катышуучулар “Бишкек парк” соода борборунан Ишеналы Арабаев атындагы университетке чейин тең укуктуулукту даңазалаган жазууларды көтөрүп барышмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” жарандык активист, “Назик кыз” коомдук бирикмесинин жетекчиси Үкөй Мураталиева билдирди.

- Биз бул жөө жүрүш аркылуу окуу, жумуш жана айлана-чөйрөдөгү шартты түзүп берүүнү бийликтен суранабыз. Ошондой эле биз бар экенибизди жана көп экенибизди көрсөтүү максатында, эң негизгиси адамбыз деген ураан менен чыгып жатабыз.

Акциянын алкагында концерттик программа сунушталып, университетте майыптардын укугуна байланыштуу атайын жыйын өтөт.

Расмий эсепте учурда Кыргызстанда 162 миң майып киши бар. Алардын 30 миңге жакыны 18 жашка чейинкилер. (КE)

XS
SM
MD
LG