Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевди “Данакер” ордени менен сыйлоо жөнүндө буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, орден Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдагандыгы үчүн берилген.
“Данакер” ордени менен элдер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташууну чыңдоого кошкон салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө жемиштүү иштери, илимди өнүктүрүүгө, улуттук маданияттарды жакындаштырууга жана өз ара байытууга кошкон салымы үчүн сыйланат. Өткөн жылы ушул эле орден Түркиянын экс-президенти Абдулла Гүлгө берилген. 2011-жылы ал кездеги Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоганга да “Данакер” ордени ыйгарылган. (КЕ)