Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдикке кайрылып, Сириядагы качкындар үчүн 3 млрд. евро жардам берүүгө чакырды. Ал бул чара мигранттардын Европага агылышын токтотот деп эсептейт.
Будапешт өз аймагы аркылуу мигранттарды өткөрүүгө каршы болуп, алар каттоого алынышы керектигин талап кылып келген. Өткөн аптада Венгриядан 300гө чукул качкын миграциялык лагерден качып, Сербияга жакын чек аранын жанында жашынып алышканын маалымдаган.
Жыл башынан бери 40 миңден ашык мигрант Сербиянын аймагы аркылуу Венгрияга келишкен. Ушундан улам Будапешт чек арада бийиктиги 3,5 метрге жеткен дубалды куруп жатат. (КЕ)