Кара-Мык чек ара бекетинде кызматын өтөп жүргөн жеринен куралы менен жоголгон жоокердин ата-энеси баласы кийик уулап жүрүп жоголгонун "Азаттыкка" билдирди. Жоокердин апасы Майрам Бакированын айтымында, баласын ууга командири жиберген. 23-күндөн бери дайыны чыкпай жаткан уулу ошол күнү дагы үч жоокер менен бирге кийик уулоого тоого чыгышкан. "Ошондон бери дайынсыз", – дейт Бакирова.
Буга чейин Чек ара кызматы жоголгон жоокер нөөмөткө чыккан бойдон кайрылбаганын билдирген. Жоокерди издөө иштери токтой элек. Ал кызмат өтөгөн чек ара бөлүктүн курамы 100% алмаштырылган. (YI)