Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:30

Индия: жарылууда каза тапкандардын саны 80ден ашты


Индиянын Мадхья-Прадеш штатындагы ресторандардын биринде болгон жарылууда кеминде 85 киши набыт болду. Дагы 100гө чукул адам жараат алды, алардын 15инин абалы оор.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, газ баллон жарылып, ресторанга жакын турган эки үйдү өрт каптаган. Көп өтпөй кошуна үйдө катылган детонатор жарылып, чогулган элди имараттын урандысы басып калган. Жарылуунун күчү катуу болгондуктан айланадагы имараттар да жабыркап, айрымдарынын терезеси күүлүп түшкөн. Полициянын айтымында, жарылган детонатор шахта, кудуктарды казууда колдонулат. Бирок аны мындай имаратта сактоого тыюу салынган. Бийлик бул окуяны дыкат иликтөөгө алууну убада кылды.

Жарылуу 12-сентябрда болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG