Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

Кытай Тяньцзинде каза болгондорду издөөнү токтотту


Кытай бийликтери Тяньцзинь өндүрүштүк аймагындагы жарылууда каза тапкандарды издөө иштери соңуна чыкканын жарыялады. Анда жалпысынан 173 киши набыт болгон. Тяньцзинь бийлиги дайыны чыкпай жаткан сегиз кишини табуу мүмкүн эместигин билдирүүдө.

12-августта Кытайдын чыгышындагы Тяньцзинь өндүрүштүк аймагында эки жолу болгон жарылуудан 173 киши өлүп, 800дөн ашууну жаракат алган.

Тяньцзинь шаары Кытайдын борбору Бээжинден 96 чакырым аралыкта жайгашкан. Өлкөдөгү эң ири өндүрүшчү-порт шаар болуп эсептелет, калкынын саны 15 миллионго жетет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG