Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Башкы прокуратура депутаттыкка талапкерлер Карганбек Самаков, Игорь Чудинов жана Искендербек Айдаралиевди жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу сунушун 9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына берген.
Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго таандык жерлер боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурунку өкмөт башчы Игорь Чудинов менен мурунку вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге да айып тагылган.
- Мыйзамга ылайык каттап койгондон кийин талапкер деген статусу бар. Ошондуктан кылмыш ишин козгоого биздин уруксатыбызды алыш керек. Биз карайбыз. Мүмкүн уруксат беребиз, мүмкүн бербейбиз. Азыр аны айта албайм. Алардын да адвокаттары келип, эмне үчүн мурун кылмыш иши козголгон жок, эмне үчүн шайлоо учурунда козголуп жатат деп маселе коёт да, - деди Журабаева.
Чудинов мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2007-2009-жылдары премьер-министр болгон. Азыр Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана “Бир Бол” партиясынан тизмесинде 3-орунда турат. Айдаралиев 2007-2009-жылдары биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген. Ал "Замандаш" партиясынын тизмесинде. “Бир Бол” партиясы Чудиновго козголгон кылмыш ишти кысым деп атап жатат. (КЕ)