Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

АКШ: абактагы башаламандыктан үч киши каза болду


АКШнын Оклахома штатындагы Кушинг шаарында жайгашкан Симаррон түрмөсүндө башаламандык чыгып, үч адам каза болду. Дагы бешөө жараат алды.

Түрмөнүн администрация башчысы кызматкерлер арасында жабыркагандар жок экенин билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, башаламандык абактын бир блогунда башталып, бир саатка уланган. Жабыркагандар ооруканага жаткырылды. Учурда окунун чоо-жайы иликтенүүдө.

Симаррон түрмөсү 1720 адамга эсептелген жана анда оор кылмыш кылгандар кармалат. Ушул жылдын июнь айында да бул жайда чатак чыгып, 12 киши ооруканага жаткырылган. Анда абалды жөнгөрүү үчүн штаттын полициясы тартылган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG