Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Сузакта бокс боюнча II эл аралык мелдеш башталды


Райондун Барпы айылындагы "Таймурас" спорт клубунда бүгүн бокс боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири Апсамат Паязов кабарлады.

Мелдешке Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Малайзиядан 100дөн ашуун спортчу катышууда. Экинчи ирет өткөрүлүп жаткан мелдеш 16-сентябрга чейин уланат.

"Таймурас" спорт клубу 16 жыл мурда уюшулуп, учурда 200дөн ашык жаштарды тарбиялап келет. Клубдун боксчулары жыл сайын өлкөнүн биринчилигинде алдыңкы орундарды ээлеп, эл аралык мелдештерге катышып келүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG