Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Назарзоданын тобундагы алты киши кармалды


Тажикстандын Рамит капчыгайында генерал Абдухалим Назарзода башында турган куралчан топту жок кылуу операциясы дале уланууда. 12-сентябрда операция маалында бул топтун беш мүчөсү кармалды. Тажик милициясынын айтымында, кармалгандардын жанынан беш “Калашников” автоматы, аскерий шаймандар табылды.

5-сентябрдан бери күч кызматтары жүргүзүп жаткан атайын операция маалында Назарзодага байланыштуу топтун 110 мүчөсү кармалып, 22си өлтүрүлдү. Көп өлчөмдөгү курал-жарак да табылган. Тартип коргоо органдарынын тогуз кызматкери каза болуп, ондон ашууну жараат алган.

Рамит капчыгайы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда "Ислам демократиялык оппозициясынын" негизги аскер базасы болуп турган. Маалыматтарга караганда, генерал Назарзода жүздөгөн шериктери менен капчыгайда жашынган.

Мурдагы талаа командири, коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода өткөн жумада Душанбе жана Вахдат шаарларындагы 20дан ашуун адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салууга тиешеси бар деп айыпталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG