Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Путин Донбасска мунапыс берүүнү талап кылды


Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 12-сентябрда аннексияланган Крымга барган учурда Минск келишими, Донбасс жана Украина менен мамиле туурасында сүйлөп жатып айтты.

Путин Украина жикчилдерге карата мунапыс мыйзамын, Донбасс менен макулдашып жергиликтүү шайлоолор боюнча мыйзамды кабыл алышы керек деген пикирин билдирди. “Кылмыш иши козголгон адамдар менен кантип сүйлөшүүгө болот? Конституцияга өзгөртүү киргизүү, жергиликтүү шайлоолор жөнүндө мыйзам Донбасс менен макулдашып кабыл алынышы керек”, - деди Путин.

Ал эми өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган аймакты Орусиянын курамына кошуу идеясы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Путин:

“Жүрөгүбүз да, дилибиз да Донбасс менен. Бирок бул көчөдө чечиле турган маселе эмес. Бул Орусиянын жана Донбасста жашап жаткандардын тагдырына байланыштуу өтө олуттуу маселе”, - деп билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG