Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Атамбаев Душанбеде Путин менен жолугат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жумушчу сапар менен Тажикстан башкалаасы Дүйшөмбүгө барат. Кечинде тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды талкуулайт. Эртеси, 15-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитине катышат.

ЖККУ саммитине катышуу үчүн Тажикстанга Кыргызстан, Армения, Казакстан, Белорусия жана Орусия мамлекет башчылары барат.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев саммиттен соң Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, буга чейин эки мамлекет ортосунда түзүлгөн макулдашуулар жана келечектеги иш-мерчемдер жөнүндө сүйлөшүшөт. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG