Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов дүйнө салды


Кыргызстан жазуучулар союзунан “Азаттыкка” билдиришкендей, 74 жаштагы жазуучу Казат Акматов бүгүн эртең менен каза болду.

Ушул тапта Жазуучулар союзунда комиссия түзүлүп, жазуучуну акыркы сапарга узатуу тажыясына даярдык көрүп жатышат.

Быйыл Жазуучулар союзу Казат Акматовго “Кыргызстан баатыры” наамын тапшырууга сунуштама даярдап жатышкан эле.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган. Ал “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Архат” сыяктуу романдары менен окурмандардын калың катмарына белгилүү. (AzK)

XS
SM
MD
LG