Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:26

Оштун Алмалык айылындагылар коопсуз жайга көчүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Ош шаарына караштуу Алмалык айылында 13-сентябрда кечки саат тогузда тоонун ылдый тарабы сүрүлүп, сел кетүүчү каналга түштү.

Айылдын үстүндөгү борпон жер Алмалык айылындагы 16 үй-бүлөнүн турак жайларына коркунуч жаратып келген. Ушул тапта алар мал-жандыктары менен кошо коопсуз жайга көчүрүлдү. (AzK)

XS
SM
MD
LG