Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

“Кыргызалтындын” кармалган акциясынын кыйласы бошотулду


“Кыргызалтын” ачык акционердик компаниясынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, 8-сентябрь күнү Канададагы Онтарио Жогорку соту “Кыргызалтындын” “Центерра Голд инктеги” камакка алынган 6,5 миллион акциясынын 2,7 миллионун камактан бошотту.

Ошондой эле сот 13,3 миллион доллардык дивиденддерди дагы камактан чыгарды.

Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Онтарио сотунда “Кыргызалтын” ААК акцияларын камакка алуу боюнча мурдагы сот чечимин жокко чыгаруу арызы каралган. Аталган акциялар латвиялык ишкер Валерий Белокондун арызы боюнча камакка алынган.

2014-жылдын 24-октябрында Париждеги Эларалык арбитраж соту Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16, 5 миллион доллар доого жыккан. Белоконь 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң кыргыз бийлиги Бишкектеги “Манас” банкты мыйзамсыз тартып алып, менчик укугу бузулганын билдирген.

“Кыргызалтын” ААК кызыкчылыгын сотто Baker & McKenzie LLP укуктук компаниясы коргойт. (AzK)

XS
SM
MD
LG