Бул тууралуу “Азаттыкка” “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев билдирди. Анын айтуусунда, учурда Совет мезгилинде 500 миң адамга эсептелген 44 унаа иштеп жатат.
Шаарды толугу менен тазалыкта кармоо үчүн 88 унаа талап кылынат. Мындан тышкары Бишкекте 1 миллион 200 миңдин тегерегинде киши жашаса, алардын 569 миңи гана ай сайын таштанды үчүн 15 сомдон төлөшөт.
Сарпашев шаардыктар таштанды маселесин байма-бай көтөргөнү менен өздөрү ага жоопкер мамиле жасабай келатканын айтты. Шаардын мэри Кубанычбек Кулматов шаарды тазалоо иштерин жеке компанияларга да бөлүштүрүү иштери башталганын, тендердин негизинде жакында 6 миң таштанды кутусу келерин, шаар үч айда тазаланарын айтууда.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев шаардын тазалыгы маселеси боюнча мэрди сындап, ушул жылдын соңуна чейин убакыт берген болчу. (AzK)