Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Доллардын кымбатташына акча алмаштыруучу жайлардын тиешеси жок


Бул тууралуу Бишкектеги “Акча алмаштыруучулардын ассоциациясынын” президенти Бакыт Чойбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон тартып, акча рыногу Орусия жана Казакстан менен түздөн-түз байланышта болууда:

- Кыргызстан биримдикке жаңы эле киргенине байланыштуу айрым бир келишимдер толук иштей элек. Келишимдер толугу менен иштеп, кыргызстандык өндүрүш жана айыл чарба товарлары экспортко көбүрөөк кете баштаганда, доллардын наркы турукташат деген үмүт бар.

Чойбековдун бекемдешинче, доллар кымбаттаганы менен акча базарында АКШ валютасына суроо-талап анча көп эмес.

Бүгүн Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 69 сомдон ашты. Расмий алмашуу курсу 67 сом 45 тыйын. (JM/ZKo)

XS
SM
MD
LG