Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Шаарды таштандыдан арылтчу 44 гана машине иштейт


Бул туурасында “Азаттыкка” “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев билдирди. Анын айтуусунда, совет мезгилинде 500 миң киши жашаган шаардын таштандысын 44 унаа ташып чыгарып турчу. Азыр деле ошол эле сандагы машинелер иштейт, шаарды толук тазалоо үчүн 88 унаа керек.

Бишкекте 1 миллион 200 миңдин тегерегинде киши жашаса, алардын 569 миңи гана ай сайын таштанды үчүн 15 сомдон төлөшөт. Сарпашевдин ырасташынча, шаардыктар таштанды маселесин байма-бай көтөргөнү менен, өздөрү ага жоопкер мамиле кылышпайт.

Шаар мэри Кубанычбек Кулматов калааны тазалоо иштерин жеке компанияларга дагы бөлүштүрүү иштери башталганын, тендердин негизинде жакында 6 миң таштанды кутусу келерин, шаар 3 ай аралыгында тазаланарын билдирүүдө.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев шаардын тазалыгы маселеси боюнча мэрди сындаган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG