Борбор калаадагы 1375 чакырым жолдун болгону 203 чакырымы гана канааттандырарлык абалда, калган көчөлөрдүн баары оңдоону жана жаңыдан курууну талап кылат. Бул тууралуу шаар мэри Кубанычбек Кулматов 14-сентябрда журналисттерге билдирди.
Мэрдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү Кытайдан алынган грант акчага Махатма Ганди, Жукеев-Пудовкин жана Ауэзов көчөлөрү оңдолду. Аталган көчөлөр пайдаланууга октябрь айында берилет.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен транспорт жана байланыш министри Аргымбек Малабаев журналисттерге “Жолдор – көңүл борборунда” аттуу бир айлык акция тууралуу маалымат беришти. (ZKo)